Жалал-Абадда судья мас абалда жол кырсыгына кабылды. Окуя 30-декабрга караган түнү болгон. ЖКККББдан Акипресске билдиргендей, аял айдоочуга карата протокол толтурулуп, унаа айып короого токтотулган.

Рейд учурунда окуянын жеринен тартылган видео жергиликтүү телеканалдардын биринен көрсөтүлгөн. Видедодо көрүнүп тургандай, Жалал-Абаддын көчөлөрүнүн биринде «Тойота» үлгүсүндөгү унаа «Дэу Нексия» менен сүзүшкөн. «Тойота» унаасын аял киши башкарып бара жаткан, жанында тийиштүү документтер жок болуп чыкты. Ал суроолорго жооп берип жатып, шаардык сотто судья болуп иштерин айткан. Өзүнүн айтымына караганда, жаңы жылдык корпоративден чыгып бара жаткан.

Айдоочу аял Жалал-Абад шаардык сотунун судьясы Эльмира Сулайманова экени аныкталды. ЖКККБнын кызматкерлери айдоочунун ичимдик ичкенинен күмөн санап, наркологияга экспертизага жөнөткөн.

Судья г.Джалал Абад пьяная на авто. Президент обещал реформу судебной системы.

Опубликовано Интернет-Парламент Кыргызской Республики Суббота, 4 января 2020 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
6
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: