Жаңы жылдык куттуктоо сөзүндө Монголия президенти Халтмаагийн Баттулга – өлкө бийлиги пенсионерлердин насыяларын кечкени жатканын айтты.

Монголиянын Улуттук коопсуздук кеңеши пенсионерлерди карыздан чыгаруу максатында насыяларын кечүү чечимин кабыл алганын билдирип жатканыма кубанычтамын”- деп белгилеген президент.

Адистердин эсептөөсүндө “насыя кечиримине” дээрлик 200 миң жаран кирет, жана мамлекет өз мойнуна алчу каражат 815 миллиард тугрикти (298 миллион доллар) түзөт. Юстиция министринин экс орун басары Энхбаяр- мындай чечим Улуттук коопсуздук кеңешинин ыйгарым укугунан тышкары деп айтты.

Айрым ММКлар президенттин бул чечимин 2020-жылы болчу парламенттик шайлоого карата үгүт деп жазып чыгышты. Карапайым калк президенттин убадасы аткарылаарына ишенип турушат.

Макала жактыбы?

НетДа
6
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: