Москвада 25 жаштагы Адилет Байсабаев киши колдуу каза болгону маалымдалган. Ал Жайыл районундагы Ново-Николаевка айылынын жашоочусу болгон. 2019-жылдын 31-декабрь күнү Москвада кыргызстандыктар жаңжалдаша кетип, Адилет  бычакталып каза тапканын КРдин Россиядагы элчилиги билдирди. Элчиликтин кызматкерлери окуя болгон жерге барып, маркумдун жакындарын кабардар кылган.

“Маркумдун сөөгү мекенине тергөөчүнүн уруксаты, соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин жиберилет. Учурда бул иш боюнча тергөөгө чейинки иш-чаралар жүрүп жатат. Уруксат кагаздарын алуу тергөө иштеринин жүрүшүнөн жана эс алуу күндөрүнөн көз каранды”, – деп жазылат маалыматта.

Буга чейин маркумдун туугандары сөөктү мекенине алып келе албай жатышкандарын билдиришкен. 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 259