Англиялык чач тарач Джошуа Кумбс дүйнөнү жакшы жакка өзгөрткүсү келет. Ал үй-жайсыз калгандарга жардамын аябай, башкаларды дагы кайрымдуу болууга үндөп келет.

Джошуа Кумбс селсаяктардын башын жууп, сакалын кырып жана чачтарын стилдүү кыркып берет.

Чач тараччы көчөдө калгандар менен баарлашканча кайсы себеп аларды бул жолго түрткөнүнөн кабар алып, колдоо көрсөткөнгө аракет кылат.

Адегенде Джошуа жалгыз эле кайрымдуулук иш жасаса, эми аны бүткүл дүйнөдө колдогондор көбөйдү. Ал кайдыгер эмес жарандар менен биригип, дүйнөнү кыдырып жардам берүүгө өттү. Чач тарачка кайрылган жарандарга өң-түсүн оңдоп, жумушка орношууга, жашоосун өзгөртүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: