10 жылкыны уурдагандардын экөөсү үй камагына чыгарылды (сүрөт)

162
Ош шаардык соту мал уурулукка шектүү катары кармалган 4 жарандын экөөсүн үй камагына чыгарды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынан билдирди. Баш коргоо чарасы кечээ 5-январда Ош шаардык соту тарабынан каралган.
Үй камагына 1978-жылы туулган М.К (мурда соттолгон) жана 1996-жылы туулган К.А чыгып кетти.
Буга чейин уюшкан мал уурулардын тобу 10 жылкыны Ноокат районунун аймагынан уурдап, Чүй облусуна сатуу үчүн бара жатышканда колго түшүрүлгөн.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь