Британияда 159 сексуалдык кылмыш жазап анын ичинде 136 зордуктоо кадамына барган кылмышкер өмүр бою эркинен ажыратылды. Зордукталгандардын ичинде 48 эркек кишилер болгон. Манчестерде болгон сот Рейнар Синаганы күнөөлүү деп таап, ага ал өзүнүн үйүнө эркек кишилерди алдап алып келип, ичимдигене баңгизат кошуп, аларды зордуктап аны видеого тартып алган деген күнөө коюлду. Бул тууралуу bbc.com жазды.

Полициянын айтымында 36 жаштагы кылмышкерден болжол менен 190дон ашык эркек кишилер жабыркашкан. Манчестердин Падышалык соту Синаганы мыкаачы сексулдык каракчы, ал дайым коркунуч туудурат деп белгилеген. Синаганын жазаган зордуктоо кылмыштары британиянын тарыхында эң көп катталган кылмыш болуп калды. Соттун чечимимне ылайык ал эң аз дегенде 30 жылдан ашык түрмөгө отурушу зарыл.

Синага 2017-жылы ууландырып, зордуктап жаткан бала капыстан ойгонуп кетип, каршылык көрсөтүп, полиция чакыргандан соң кармалган. Полиция текшерүү учурунда анын уюлдук телефонунан жүздөгөн саат тартылган дагы бир топ зордуктоолордун видеолорун табышкан.

“Биздин оюбузча ал акыркы он жылдан бери кылмыш жазап келген. Биздеги баардык маалыматтар жабыр тарткандардан келип түштү”- дейт Манчестер полициясынын башчысынын орун басары Мэббса Хуссейн.

Тергөөчүлөр Синаганын зомбулугуна кабылган бир топ жабыр тартуучулардын өздүгүн аныкташты. Дагы 70 тей жабыркагандар аныкталбай калды. Буга байланыштуу тергөөчүлөр дагы кимде ким бул кылмышкердин зомбулугуна кабылган болсо полицияга кабарлашын өтүнөт.

Макала жактыбы?

НетДа
2
3
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 389