Өзгөндө наркотикалык заттарды сатуу менен алектенген 62 жаштагы «Дудай» аттуу каймана аты бар Х.Х  кармалды. Бул тууралуу Ош ШИИБнин басма сөз кызматы кабарлады.
Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери ИИМдин аймактык наркотикалык заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Ак-Жар айыл айыл аймагынын Большевик айылынын 1958-жылы туулган тургунунун үйүндө тинтүү иштерин жүргүзүшкөн. Натыйжада, жарандын жашаган үйүнөн болжолдуу салмагы 4 кг. түзгөн, өзгөчө жыты бар (болжолдуу гашиш наркотикалык заты) зат жана сайлуу револьвер үлгүсүндөгү ок атуучу курал табылды.
Бул факт кылмыштарды жана жоруктарды каттоонун бирдиктүү реестрине наркотикалык заттарды сатуу белгилери менен катталып, иликтөө иштери башталды. Тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: