Бажы биримдигине кошулган Кыргызстан бүгүнкү күндө эмнеге жетише алды? Эскперт Нүргүл Акимова “Вечеркага” күнгөй-тескейин талдады.

ЕАЭБ карапайым калк үчүн эмне бере алды?

– Барынан мурда биздин эмгек мигранттары жеңилдиктерди ала алды. Алар ЕАЭБдин эмгектенүүчүлөрү болушту. Алар үчүн биримдиктеги өлкөлөргө барууда жеңилдиктер түзүлүп, милдеттүү медициналык камсыздандыруу жеткиликтүү болду. Мындан тышкары жумуш берүүчүлөр менен эмгек келишимин түзгөн квоталар жоюлду.

Биримдикке кошулуудан мамлекет эмне утат?

– Тышкы экономикадагы бирдиктүү товар наменклатурасы жана бажы тарифтери өзгөрүлдү, бул деген жеке ишкерлердин көмүскө экономикадан чыгууга көмөктөшөт.

Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуусуна бир катар сындар айтылып келет, бирден бир сын – бажыдагы унаа өткөрүү тарифинин көтөрүлүшү болду. Интеграцияга байланыштуу дагы кандайдыр бир терс көрүнүштөр барбы?

– ЕАЭБке кошулууда терс натыйжаларды алып келген ар кандай себептер бар. Мисалы, бирикмеге кошулууда Кыргызстан иштеп бүтө элек айрым жагдайлар бар. Кыргызстандын ЕАЭБке кошулуу мөөнөтү бүткөн, бирок бажы пунктары толук жабдуу менен али камсыз боло элек. Расмий маалыматка ылайык буга 2021-жылы чара көрүлөт. Демек азырынча бажы пунктарына коюлган талаптар аткарылбайт. Мындан сырткары товарлардын коопсуздугу үчүн биргелешип кабыл алынган техникалык регламенттер соодагерлер тарабынан сакталбай жатат. Буга себеп маалыматтын жетишсиздиги жана мамлекеттик органдар тарабынан көзөмөлдүн жоктугу. Бул маселени чечүү үчүн бийлик ЕАЭБдин бизнес үчүн делген техникалык регламенттердин талаптарын коомго маалымдашы керек.

Ал эми биз жаратпаган дагы кандай маселелер бар?

-Бирден бир себеп – өлкөлөр арасында бирдиктүү концепциянын жоктугу болууда. Бул ЕАЭБдин ичиндеги өлкөлөр арасында тирешти пайда кылып жатат. Бирдиктүү концепция жок ар кыл өлкөлөрдүн жеке ишкерлеринин бирдиктүү укук шарттары да жок. Мындан да башка маселелердин бири -сапатты башкаруу, тейлөө боюнча кызматтарды көрсөтүү системасы иштелип чыккан эмес, эч кандай текшерүү мүмкүнчүлүктөр да жок.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 70