Жомоктогудай! Кытайдагы көз жоосун алган муз фестивалы (сүрөт)

Кытайдын түндүк-чыгышында жайгашкан Харбин шаарында жыл сайын өтүүчү эл аралык муз фестивалы 5-январда башталды. Харбин шаарында жыл сайын дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалы өтөт. Муздан жасалган айкелдерди көрүүгө миңдеген турист агылып келет.

Дүйнөдөгү эң чоң муз фестивалында 220 миң куб метр муз жана кар колдонулду. Фестиваль 1963-жылы негизделген, бирок бир нече жылдан кийин токтоп калган. 1985-жылы кайрадан ачылып, жыл сайын өтүп келет. Айкелдерден көргөндөн тышкары туристтер жылгаяк тээп, хоккей же карда футбол ойной алат.

Булак: Би-Би-Си

Бул спорт түрүн жактырбасаңыз, фестивалдын алкагында Сунгари дарыясындагы муздак сууда жарыш дагы болот. Харбин муз фестивалы 25-февралга чейин уланат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь