Жаңы жыл түнү Нарын облусунун Кочкор районунда 37 жаштагы келиндин жансыз денеси өз үйүндө табылды. Бул тууралуу Нарын ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

2020-жылдын 1-январь түнү болжол менен саат 00:40 чамасында РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө Кочкор районунун “Тез жардам” бөлүмүнүн фельдшеринен кабар келип түшкөн. Анда ал Жаңы-Жол айылынын 1983-жылы туулган С.Ж. аттуу келинди үйүнө көрөлү деп барганда, ал белгисиз себептен улам эчак эле каза болуп, жансыз денеси уктоочу бөлмөдө жатканын билдирген.

Бул факты Кочкор РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу барып, жансыз денени сыртынан кароо жүргүзгөн учурда оң жак көзү, чыкый тарабы кичине көгөргөндүгү байкалган.

Маркумдун жолдошунун көрсөтмөсү боюнча, келинчеги экөө үйүндө акча тууралуу пикир келишпестиктен улам уруша кетишип, аялын эки жолу жаак тушка муштум менен чаап, андан соң каракуш тушуна бир жолу бут менен тээп жиберген.

Үй-бүлөнүн бир кыз, бир уулу бар болгон. Окуя болгон учурда алар таятасынын үйүндө болушкан.

Макала жактыбы?

НетДа
3
35
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: