Москвадагы Кызыл аянтта Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын 30га жакын мигранты кармалды. Бул тууралуу эмгек мигранттарынын юристи Валентина Чупик өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал билдиргендей, 5-январда Кызыл аянттан кармалган 30дай мигранттын 20сы кыргызстандык жарандар болгон.

Кармалгандарды Москванын Можайский ИИМБне алып келишип, суукта бир жарым саттай короого чыгарып коюшкан. Нөөмөттөгү Говорова алар менен иштешпей турганын, мигранттарды башкалар кармап келгенин айтты. Эми кармалгандар аймактык милициянын келишин күтүшү керек экен“,- деп жазат юрист.

Белгилүү болгондой эмгек мигранттары беш жарым сааттай мыйзамсыз кармалып тургандан соң саат 22:53дө кое берилген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 148