Үй камагына чыккан Кубанычбек Кулматов Жаңы жылды кандай тосконун жана эмне менен алек болуп жатканын Kaktus.media,га билдирди.

Жаңы жылды өз үй-бүлөмдүн курчоосунда жубайым жана балдарым болуп тостук. Майрамда куттуктап достор, туугандар жана жакын адамдар келип кетишти. Үй камакта болгондуктан кечки саат ондон кийин үйдөн сыртка чыга албайм. Жакындарымдын айтуусунда бул жылы Аяз атадан берилген башкы белек – менин экриндикке чыкканым болду. Өзүм дагы ушундай деп эсептейм“,- дейт Кулматов.

Кулматов үй камагына чыкканы көпчүлүк убактысын үй-бүлөсүнө арнап жатканын айтты.

Үй-бүлөлүк жана тиричилик иштер менен алекмин. Лампочка тагып коем, дагы бир нерселерди кылмай. Ошондой эле балдарды карап жатам. Жубайым мен жок эки жылда бардыгын өзү жалгыз жасап катуу чарчады“,- деп белгиледи экс-мэр.

Эске салсак, 23-декабрда Бишкектин Ленин райондук соту экс-мэр Кубанычбек Кулматовго 5 миллион сом айып салып, сот залынан бошоткон.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: