2 миллиондон ашык адам Касем Сулеймани менен коштошуу үчүн Тегеранга чогулушту

493

2 миллиондон ашык адам Касем Сулеймани менен коштошуу үчүн Тегеранга чогулушту. Бул тууралуу Euronews кабарлады. Сулейманинин жаназасына чогулган иран жарандары бийликтен анын өлүмү үчүн өч алышын суранышты.

Иран ислам республикасында мындай жаназага туруу 1989- жылы аятоллу Хомейни каза болгондон бери болгон эмес. Аялдар, эркектер жаштар жана карылар, бийлик өкүлдөрү баш болгон адамдар Касем Сулейманини акыркы сапарга узатууга келишти. Чогулгандар “Өч алыш керек!” деп кыйкырып жатышты. Алар абдан кыжырланып турушат. Алар АКШны генералдын өлүмүнө күнөөлөп, АКШ менен алдыда түзүлүүчү баардык келишим, сүйлөшүүлөрдү жокко чыгарышууда.

Генерал Сулейманинин өлүмүнөн дароо эле Тегеран бийлиги муну бул бойдон калтырбасын билдирди.

Алар улуу генерал Суйлеманинин өлүмү үчүн жооп беришет, анын өмүрү биз үчүн баа жеткис болчу”– дейт “Кудс” күчүнүн мурунку башчысы Ахмад Вахиди. Иран бийлиги кандай жооп берет, аймакты АКШ аскерлеринен бошотуу талабынан башка качан жана кантип өч ала тургандыгы азыр белгисиз. Сулейманинин өлүмүнөн кийин иран бийлиги мындан ары өзөктүк курал боюнча эл аралык чектөө келишиминин шарттарын карманбай турганын билдирди. Тегеранда коштошуу аземи болгон соң Сулейманинин сөөгү анын туулган жери Керманеге коюшат.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь