Австралия өкмөтү 10 миңдей төөнү өлтүрмөй болду

Австралия өкмөтү өрттөнүп жаткан токойду басууга керектелген сууну ичип жаткан 10 миңдеген жапайы төөлөрдү өлтүрүүнү чечти.

Төөлөр дубалдарды талкалап үйлөргө кирүүгө аракет кылып жатышат. Алар кондиционерлерди дагы бүлдүрдү“,-деп түшүндүрдү аткаруу бийлигинин мүчөсү Марита Бейкер.

Курчап турган чөйрөнү коргоо жана суу ресурстары мамлекеттик департаменти жаныбарларды жок кылуу үчүн тик учак бөлүп бермей болду. Өлтүрүлгөн төөлөрдү көмүп же өрттөп жиберүүнү пландап жатышат.

Маалыматка ылайык, төөлөрдү жок кылуу иштери 8-январда мамлекеттик деңгээлде жүргүзүлөт. 5 күн ичинде 10 миңдей төөнү жок кылуу пландалган.

 

 

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь