Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусунун өзгөчө даярдыктагы “Кудс” тобунун командири, генерал-полковник Касем Сулейманинин өлүмү – ачык эле варвардык акция деп сыпаттады эл аралык маселелер боюнча эксперт Айданбек Акматов.

Бул АКШ үчүн эч кандай эл аралык норма, мыйзам жок экендигинин далилин көрсөткөн окуя болуп калды деген ойдо эксперт. Ал ошондой эле Касем Сулеймани Сирияда жана Иракта жок кылынган ИГИЛди жеңүүнүн үстүндө болгондугун, АКШ ошол “жеңилүүсүнөн” өч алуу үчүн Касемини өлтүргөн делген пикирге кошуларын билдирди.

Көпкөн өлкөнүн эл аралык мыйзамдарды уруп ойнобогон өтө осол иш-аракети болду. Генерал Касем Сулеймани ИГИЛ сыяктуу террордук уюмдарга каршы күрөшкөн, алардын белин мертинткен аскер башчылардан эле. Ал ошондой эле Ирандын сыймыгы жана ишенген аскер жетекчиси болгон. Мына ушундай адамды өлтүрүү албетте, жалпы ирандыктардын, ал эле эмес, нормалдуу ар бир адамдын нааразылыгын жарататат…”,-дейт Айданбек Акматов.

Ал ошондой эле бул окуядан кийин ири регионалдык согуш оту тутанып кетүү коркунучу бар экенин белгилеп өттү.

Булак: Ca-Irnews.com

Макала жактыбы?

НетДа
9
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: