Жайыл районунун Ставрополовка айылында эркек киши кошунасын өлтүрүүгө шектелип кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2020-жылдын 1-январында болжол менен саат 03:00дө Жайыл райондук милициясына, Ставрополовка айылындагы үйлөрдүн биринде үй-бүлө ичинде уруш болуп жатат деген маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге милиция кызматкерлери барган.

Белгилүү болгондой, 31-декабрь күнү Жаңы жылды майрамдап жаткан учурда аталган үйдүн ээси, үй-бүлөлүк жаңжалдан улам өзүнүн 46 жаштагы М.Э. аттуу кошунасын атып салган. Алган жаракатынан улам ал ооруканага жетпей каза болгон.

Бул факт Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестринде каттоого алынган. Сотко чейинки өндүрүшү иши башталган. Тиешелүү экспертизалар дайындалган.

Бул кылмышка шектүү катары 47 жаштагы Х.В. аттуу жаран кармалып,убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Макала жактыбы?

НетДа
4
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: