Украинанын президенти Владимир Зеленский Тегеранда учак кырсыгынан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтты.

Жакынкы Чыгышта каргашалуу окуя болду. Бүгүн эртең менен Имам Хомейни эл аралык аэропортунан “Международные авиалинии Украины” авиакомпаниясынын жүргүнчүлөрдү ташыган учагы кырсыкка кабылып, аэропорттон алыс эмес жерге түшкөн. Алдын ала маалыматтар боюнча бардык жүргүнчүлөр жана экипаж мүчөлөрү каза болушту. Биздин элчилик окуянын чоо-жайын жана каза болгондордун тизмесин тактап жатат. Мен каза болгондордун туугандарына жана  жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам“,- деп жазды Зеленский.

Владимир Зеленский каргашалуу окуяга байланыштуу Оманга болгон сапарын токтотуп, Киевге кайтып келе жатат.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: