Иранда кулаган учактын ичиндегилерден эч ким аман калган жок (ВИДЕО)

316

Иранда кулап түшкөн учактагы жүргүнчүнүн баары каза болду деп билдирет Рейтер агенттиги Ирандын мамлекеттик телеканалына таянып.

Бүгүн эртең менен Тегерандагы эл аралык Имам Хомейни атындагы аэропортто Украинага тиешелүү лайнер кулаган. Ирандын авиация министрлигинин өкүлү Джаафар Заде бортто 167 жүргүнчү жана экипаждын 9 мүчөсү болгонун айтты.

Киевге карай жол тарткан учак абага көтөрүлгөндөн кийин кулап түшкөн. Буга техникалык мүчүлүштүктөр себеп болгону айтылып жатат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь