«Кырк Чоро» аялдардын өлүмүнө батышты жана жаңы мыйзамды күнөөлөдү

1 242

«Кырк чоро» кыймылынын төрагасы Замирбек Көчөрбаев аялдардын зомбулукка кабылышына 2019-жылы күчүнө кирген жаңы мыйзамдар себеп деди. 

Көчөрбаев өзүнүн Фейсбук баракчасына бир жумада эки аялдын өз күйөөлөрүнүн ур-токмогунан каза тапкандыгына байланыштуу пикирин жазды.

“Жергиликтүү РОВДнын башчысы “бизге жубайлар урушуп, же күйөөсү мас абалында ур токмокко алып жатканы жөнүндө кабар келгени менен биз эч нерсе кыла албайбыз. Бизди 2019-жылы күчүнө кирген мыйзамдар менен колу бутубузду кишендеп койгон. Мурун мындай кабар түшкөндө ар кандай аракеттерди көрчү элек. Жок дегенде 15 суткага камап койчук. Азыр өлтүрүп салгандан кийин гана чара көрө алабыз” дейт“,- деп жазган Көчөрбаев. 

Замирбек Көчөрбаев жаңы мыйзамдардын пайдасынан зыяны көп деп эсептейт.

Батыш каржылап бир нече миллион евро берген экен, ал эми ошол мыйзамдарды кайра эле батыштын акырынан жем жегендер жазышып, 2017-жылы биздин чимкирик парламентибиз оптом кабыл алып таштаптыр. Кызык анда эмнеге кайра эле ошол батыштын акырынан жем жегендер биринчилерден болуп аялдардын, жаш балдардын укугу деп кыйкырып чыгып жатат. Ошол мыйзамды жазып жатышканда эмнени ойлонушкан”,- деген собол салды.

Ошондой эле Көчөрбаев каза болгон маркум келиндердин жакындарына көңүл айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь