Лейлекте таштанды кабыл алуучу ишкана ачылды (ВИДЕО)

97

Лейлек районунун Тажикстан менен чектеш Кулунду айылында таштанды кабыл алган ишкана иштей баштады.

Буга чейин темир кабыл алып жүргөн ишкерлер эми айылды таштандыдан тазалоо максатында желим бөтөлкө, баштыктарды жана макалатураны сатып ала башташты.

Ишкана желим шишенин 1 килограммын 7 сом, желим баштыкты 15 сомдон сатып алып жатат. Ишканада 4 жумушчу айылдыктар алып келген таштандыны иргеп, таңгактайт.

Бир апта ичинде айылдан 500 килограмм желим баштык жана желим шише, 30 тоннадай макулатура топтолгон. Ишкердин айтымында, чогултулган таштанды андан ары кайра иштетүүгө жиберилет.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь