Өз күйөөлөрүнүн колунан мыкаачылык менен каза тапкан эки келиндин өлүмү боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов өз пикирин билдирди. Матраимов аялзатына кордук көрсөткөндөрдү кескин түрдө күнөөлөп, аларды жек көрө турганын билдирди. Ошондой эле бул окуяга кесиптештерин дагы көңүл бурууга чакырды. 

Зөөкүрлүк менен болгон кылмышка кескин чара көрүп, мындай кылмыштуулуктардын кесепеттерин жоюга активдүү аралашалы. Тагдырын аманат кылып, турмуштук жолунда түгөй болуп башын байлаган адамынын колунан каза болгон кыздарыбыздын жакындарына көңүл айтам. Аза кайгысын тең бөлүшөм. Кайрат кылыңыздар!“,- деп жазган депутат өзүнүн социалдык баракчасына.

Макала жактыбы?

НетДа
12
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 593