Нарындагы мамлекеттик коруктан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна көчүрүлгөн 9 бугу-марал жаңы жерге көнүп, өздөрүн жакшы сезип жатат. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Агенттиктен белгилешкендей, аларды кызматкерлер байкоого алып турушат. Кышкысын аларга керектүү жем берилип турат.

Эскерте кетсек, 9 бугу-марал 2018-жылдын июнь айында “Бугу-маралдарды Батыш Тянь-Шанга көчүрүү” долбоорунун алкагында Нарын мамлекеттик коругунан Аксы районундагы Балтыркан корукчасына көчүрүлгөн. Долбоордун максаты бугуларды сактоо болуп саналат.

Балтыркан токой корукчасы Авлетим токой чарбасынын аймагында орун алган. Сары-Челек биосфералык коругу менен чектешет. Жалпы аянты 504 гектарды түзөт.

Макала жактыбы?

НетДа
5
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 137