Жалал-Абад облусунда Базар-Коргон районуна караштуу Арстанбап айылдык ооруканасына таандык жер тилке менчиктештирилип кетти. Бул тууралуу окурман Элдик Медиага билдирип, мамлекеттин жерлери менчик колго өтүп жатканына ичи ачышып жактанын айтты.

Окурмандын айтусуунда аянтты жергиликтүү депутаттар өздөрүнө менчиктештиришкен. Бул маселени көтөрүп Башкы прокуратурага дагы арыз жазганын кошумчалады.

Прокуратура келип мамлекеттин жерин кайтарат деген үмүттө күтүп отуруп көп убакыт өттү. Оорукананын жеринен арча аянтчасы бар эле, ошол арчаларды түп тамыры менен жулуп таштап ордуна заңгыраган бир имарат куруп салды.  Бизге, келечекке жаратылыш керек эмес беле? Ал арчалар бизге аманат эмес беле?Мамлекеттин жерлери, мүлктөрү артка кайтарылып, кыйылган арчаларга мыйзам талап кылган айып пулдун төлөнүшүн мен Кыргыз Республикасынын жараны катары талап кылам“,- деген пикирин билдирди Арстанбаптын тургуну.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 64