Тегерандагы учактын кыйрашынын расмий себеби айтылды

352

Тегеранда аэропорттон учуп чыгып жерге кулаган украиналык учактын кулашынын расмий себеби айтылды. РИА-новости жазгандай, IRNA агенттигине эл аралык аэропорттун өкүлүнүн билдиргени боюнча, техникалык кемчиликтерден улам кыймылдаткычта келип чыккан өрт учактын кулашына себеп болгон.

Украиналык учак бүгүн эртең менен Тегерандын аэропортунан Киевге учуп чыккан. Бирок техникалык кемчиликтерден улам кыймылдаткычта өрт чыгып, ал аэропорттон алыс эмес жерге кулаган“, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, украиналык учак Тегерандагы Имам Хомейни эл аралык аба майданынан учуп чыккандан кийин жерге кулаган. Учактын ичиндеги – 167 жүргүнчү жана 9 экипаж мүчөсүнүн бири дагы аман калган эмес. Ирандын Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгы бортто бараткан жүргүнчүлөрдүн басымдуу бөлүгү ирандыктар болгонун билдирди.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь