3-январда Ташкент областынын Ахангаран шаарында өзүнүн үч айлык баласын сатып жаткан аял кармалды. Бул тууралуу 7-январда Өзбекстандын ИИМнин терроризм жана экстремизмге каршы күрөшүү Башкы башкармалыгы билдирди.

Эне баласын 400 долларга баалап, колуна акчасын алган учурда колго түшүрүлдү. Учурда ымыркай шаардык балдар ооруканасына өткөрүлүп берилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө аял Ахангаран райоунун жашоочусу экени жана эч жерде иштебегендиги белгилүү болду. Ага карата “жашы 18ге толо элек адам сатуу” беренеси менен кылмыш иши козголду. Бул кылмыштын алкагында 8 жылдан 12 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: