Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвада өзүнүн 75 жылдык мааракесин белгиледи. Мааракеге катышкан журналист Адилет Айтикеев кечеден тартылган сүрөттөрдү социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

Аскар Акаев 10-ноябрда 75 жашка толду. Бирок мааракеси 28-декабрда белгиленген. Туулган күндАсүк кече скульптор Зураб Церетели галлереясынын алдындагы концерттик зал жана ресторанда өттү.

Маараке тойдо пианист Николай Луганский, Мариинский театрынын солисти Аскар Абдразаков, эмгек сиңирген артист Никита Борисоглебский, опера ырчылары Елена Гусева, Николай Ерохин жана Алмаз Истамбаев катышты.

Ал эми кечени академик Роберт Нигматуллин алып барды. Акаевди куттуктап ММУнун ректору Виктор Садовничий, ММУнун экономика мектебинин директору Александр Некипелов, окумуштуу Наби Зиядуллаев, мурдагы вице-премьер-министр Олег Сосковец жана башка окумуштуулар келген.

Ошондой эле маараке тойго Жогорку соттун мурдагы төрагасы Курманбек Осмонов, экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиев, коомдук ишмер Токтайым Үмөталиева, Москвадагы кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү катышкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
12
4
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: