«Титаник» тасмасынан жылдызы жанган белгилүү актер Леонардо Ди Каприо адам өмүрүн сактап калды. Актер Кариб деңизинде өзүнүн кемесинде сүйүктүүсү Камилла Морроне менен эс алып жатып, рация аркылуу чакырыктын үнүн уккан.

Анда башка деңиз кемесинен 24 жаштагы француз мас болуп борттон кулап кеткени айтылган. Ди Каприо бир нече саат бою жигитти деңизден издеген. Акыры кол булгаган жигитти деңизден алып чыгышып, тамак берип, жылуулап куткаруучулардын колуна өткөрүшкөн.

Мас абалда деңизге кулаган француз суунун ичинде 11 саат кармалган. Ал өзүнө келген соң ыйлап актерго ыраазычылыгын билдирген.

Капитан француздун куткарылышын “миллиарддын биринде” гана кездеше турган окуя катары баалады. Ди Каприонун яхтасы ыкчам кабарга дароо жооп берген жалгыз гана кеме болгонун айтат капитан.

Окуя 30-декабрда болгон.

 

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 167