Матраимов сабалган журналистке боор тартты

221

“Журналист гана эмес, жарандардын дагы сабалышы – мыйзамга каршы келген аракет”. Бул тууралуу депутат Искендер Матраимов өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Депутат «FactCheck» порталынын редактору Болот Темировго ден-соолук тилеп, тиешелүү органдар ыкчам иштин натыйжасында шектүүлөрдү таап, аларды жазага тартуу зарылдыгын белгиледи.

Болот Темиров деген журналистке кол салуу болгонун окудум. Аны 3 жигит акмалап жүрүп, сабап кетишкени айтылууда. Бул азырынча анын кесиптик ишмердүүлүгүнө байланыштуубу же башка себептер менен болгонбу ачыктала элек. Эгер, журналисттин сабалышы – анын ишмердүүлүгүнө байланыштуу болсо ал туура эмес жана демократиянын принциптерине көлөкө түшүрөт”,- деген пикирин калтырды эл өкүлү Искендер Матраимов.

Кыргызстанда коррупциялык жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамсыз аракеттерин ашкерелеген журналисттик иликтөөлөрү менен белгилүү «FactCheck» порталынын редактору, журналист Болот Темировго бүгүн түшкө маал басылманын кеңсесинин жанынан олбурлуу үч жигит кол салган. Алар журналистке бир нече сокку уруп, телефонун тартып алышкан. Темиров кол салууну өзүнүн кесиби менен байланыштырууда. Милиция Темировго кол салуу боюнча ыкчам издөө иши жүрүп жатканын кабарлады. Ошондой эле президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева журналистке кол салууга өкүнүчүн билдирип, бул кылмыш ишинин бети ачылышы керек экенин айтты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь