Америка Кошмо Штаттарынын Бишкектеги элчилиги FactCheck.kg сайтынын башкы редактору Болот Темировго болгон 9-январдагы кол салууну сындайт. Бул тууралуу элчиликтен билдирди.

Биз, бул кол салууну сынга алып жана тез иликтөөгө чакырган президент Сооронбай Жээнбековдун аппаратына үндөш пикирдебиз. Жалпыга маалымдоо каражаттары журналисттер коркутуп үркүтүүгө кабылбай иш алып барган учурда гана эркин болууга мүмкүндүк алышат. Окуянын так иликтенип жана кол салууга күнөөлүүлөрдүн кечиктирилбестен жоопко тартылышы, Кыргыз Республикасынын өз демократиялык баалуулуктарын жана эркин жана ачык прессаны коргоо салтын улантуусунда чоң мааниге ээ“,-деп айтылат элчиликтин билдирүүсүндө.

Эске салсак, 9-январда журналист Болот Темировго үч жигит кол салып, анын телефонун тартып алышкан.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 163