Ак илбирсти башка атышкан. Жаныбарга операция жасоо керек (сүрөт)

1 719

9-январда Таластан табылган жарадар ак илбирсти Бишкекке алып келишти. Жаныбар курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

Ак илбирс учурда Кыргыз улуттук агрардык университетинин ветеринардык клиникасында.

Жаныбар кыйын абалда турат, анын башын рентгенге тартканда башында атылган октун калдыктарын көрсөттү. Мындан улам ак илбирсти атышкан деп божомолдоодобуз. Ага азыр башындагы окту алуу үчүн операция жасаш керек“,- деп билдирет агенттиктен.

Дарыгерлер кеңешип, жаныбарга операция жасаардан мурда аны күчтөндүрүү керектигине токтолушту. Себеби ак илбирс наркозду көтөрө албай калышы ыктымал.

Учурда ак илбирс эч нерсе ичип жебей эле, дарыгерлер жаныбарды тамчылатып дарылап жатышат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь