Баткен районунун Көк-Таш айылынын Дахма тилкесинен 230 адам, көпчүлүгү жаш балдар көчүрүлдү. Бул тууралуу Кызыл ай коомунан билдирди.

Кыргызстандын Кызыл ай коомунун өзгөчө кырдаалдарда жардам берүү тобу Баткен облусунун жашоочуларына көмөк көрсөтүүдө.

Түндө Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары ошол эле айылда жайгашкан орто мектептин имаратына убактылуу көчүрүлгөн.

«Биз жашоочуларга азык-түлүк, жаш балдарга гигиеналык керектөөлөрдү алып барып бердик. Ошондой эле аялдар менен алардын балдарына психологиялык колдоо көрсөтүлүүдө. Жергиликтүү мектепке 130 жаш бала жана 100 улуу адам жайгаштырылды», — деп белгиледи уюмдан.

Эске салсак, 9нан 10-ноябрга караган түнү Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атылган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 119