Нарын облусунун Жумгал районунун жашоочулары дагы бир ак илбирсти көрүп калып “Илбирс тобуна” кабарлашкан. Куткарылган жаныбар Бишкекке алынып келди.

Жергиликтүүлөрдүн кабары менен жерине барган NABU менен курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарба мамлекеттик агенттигинин кызматкерлери ачка калган жаныбарды сарайдан табышкан.

Сарайдын ээсинин айтымында, жырткыч малдарга кол салмакчы болуп, бирок иттердин таландысында калган. Ак илбирс дароо сарайга кире качып чыккан эмес. Тургун иттерди кубалап, жергиликтүү тийиштүү кызматтарды чакырган.

Жаныбарды 10-январь күнү кечинде Бишкектеги NABUнун кеңсесине алып келишкен. Ветеринар Бакыт Ажыбеков жаныбарды карап чыгып, 11-12 жашка келип калганын аныктаган.

” Үч тиши жок экен, бул деген анын жаратылышта өз алдынча аңчылык кыла албай турганынан кабар берет. Абалы ортодон төмөн, жакшы кароо керек. Ак илбирс тамак жеди, стресс абалда болгондуктан айланасындагыларга ыркырап жатат“,- дейт ветеринар.

“Илбирс тобунун” жетекчиси Жыргал Султанов билдиргендей, илбирсти иттер талаганын далилдеген белгилер жок.

Эске салсак, кечээ Бишкекке жарадар болгон бир ак илбирс Таластан алынып келген.

 

Макала жактыбы?

НетДа
5
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: