10-январь күнү «Ак-Жол автожол» көзөмөл-өткөрүү жайынан Казакстандын дипломаттары кармалганын жергиликтүү маалымат каражатты жазып чыкты.

Чек арачылар Казакстан элчилигине таандык дипномер тагылган унаанын текшерүүгө укугу жок болгондуктан, аны адегенде өткөрүп жиберишкен. Бирок чек арачы унаага сырттан кароо жүргүзүп, ичинде чоочун адамдын отурганын байкап калган. Шек саноо жараткандыктан, унаанын эшигин ачууну талап кылган.

Дипломаттык унаанын ичинде белгисиз аял отурган, ал Казакстандын жараны экени аныкталып, алдын ала маалыматтар боюнча аял Кыргызстандын милициясынын издөөсүндө жүргөн.

Казакстандын жаранын мыйзамсыз алып өтүүгө көмөктөшкөн Казакстандын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери кармалды.

Макала жактыбы?

НетДа
26
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: