Тегеранга кулаган украиналык Boeing жүргүнчү учагы “адамдын катачылыгынан” улам кокустан атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын билдирүүсүндө айтылат.

Генштабдан кошумчалагандай, учак абдан маанилүү аскер объектисинин жанынан учкан. Иран ТИМ жетекчиси Жавад Зариф Twitter аккаунтуна авиакырсык “АКШ тарабынан жасалган авантюризм учурундагы кризистен” улам болгондугун билдирген.  Ал ошондой эле кырсыктап каза тапкандардын үй-бүлөсүнө көңүл айткан.

Ал эми Ирандын президенти Хасан Роухани кыйраган учакка кенемте төлөп берүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды. Ошондой эле Тегеран бул кечирилгис катадан келип чыккан кырсыктын чоо-жайын териштирүүнү улантаарын билдирди.

Эске салсак, 8-январда эртең менен Тегерандын аэропортунан Киев шаарына багыт алган Украинанын учагы абагы көтөрүлбөй кулап түшүп, ичиндеги 167 жүргүнчү менен экипаждын 9 мүчөсүнүн эч кимиси аман калган эмес.

Макала жактыбы?

НетДа
9
7
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: