Орусиялык белгилүү футболчу Павел Погребняктын аялы кыргызстандык таксистти чаап жиберди. Мария Погребняктын айтымында окуя Москвада болгон. Анда таксинин айдоочусу Погребнякты унаадан түртүп чыгарып, жеке буюмдарына зыян келтиргенин айтат.

Өз кезегинде Актилек аттуу таксист, аялды үйүнүн алдына чейин жеткирүүгө мүмкүн эместигин билдирди. Анткени ал жакка кирген унаа акы төлөйт. Мындан улам футболчунун аялына бир-эки метр жөө басууну сунуштаган. Бирок Погребняк орой мамиледе жооп берген. Андан соң айтыша кетишип, таксист бала Мариядан жаакка жеген.

Ал эми орус басылмалары жазган маалыматтарда “Яндекс такси” кызматы Актилектин кылык-жоругун айыптап, ага буйрутма алууга тыюу салып салган. Ошондой эле футболчунун аялына акчасын кайтарып беришти.

 

Макала жактыбы?

НетДа
4
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: