Грек-рим күрөшү боюнча 2019-жылдагы Кыргызстандын чемпиону Акжол Махмудов быйылкы өлкөнүн чемпионатына катышпай турганын Махмудовдун машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов маалымдады.

“Акжолдун жаракат алган буту операциядан кийин толук калыбына келе элек. Анын бир буту экинчи бутунан 1-1,5 см ичке болуп, толук булчуң албай калды. Андыктан азыр тобокелге салбай эле коё туралы дедик” – деди машыктыруучу Мейрамбек Ахметов

Акжол Махмудовдун буга чейин жаракат алган сол тизеси дагы эле толук калыбына келе элек болгондуктан ушундай чечим кабыл алынган. Ири мелдештерге катышуу үчүн кеминде дагы бир айга жакын убакыт керек. Акжол Махмудов 2019-февралда сол тизесинен жаракат алгандыгына байланыштуу 10 айдан бери калыбына келтирүү этабынан өтүп келатат. Ал2018-жылы Азия чемпиону болгондон кийин, 2020 Олимп оюндарына лицензия алууга өтө жакын болгон. Алдыда Махмудов Олимпиадага лицензия берүүчү турнирге катышар-катышпасы белгисиз.

( видео Самат Жумакадыров)

Макала жактыбы?

НетДа
5
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: