Баткен облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысычек арадагы абал учурда туруктуу экенин билдирди.  Анын айтымында түндө эч кандай жаңжал болгон эмес. Ошого карабастан укук коргоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.

“Чек арада азыркы учурда абал туруктуу. Ыкчам кырдаал милиция кызматкерлери тарабынан колго алынып, күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Чек арада жайгашкан аймактарда атайын патрулдар уюштурулуп, жергиликтүү бийлик менен милиция органдары элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатат.”– деди Дамира Юсупова

Белгилей кетсек 10-январга караган түнү кыргыз-тажик чек арасында чатак чыккан. Бул чатакты жөнгө салуу боюнча эки өлкөнүн президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу сүйлөшкөн

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: