Азаттык сайтында “Милиция Көк-Таш айылында 6 жаранды кармап кетти” деген маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Баткен ОИИБнин басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

11-январь күнү Баткен районунун Көк-Таш айылынын 4 тургуну милиция кызматкерлери тарабынан кармалганы боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берет.

2019-жылдын 18-декабрь күнү саат 09:20 чамаларында Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургундары Көк-Таш айылынын борборундагы мечиттин жанына чогулушкан. Ошол эле учурда жогорудагы нааразычылыктарын билдиришип чыккан Көк-Таш айылынын жарандары жолдон өтүп бара жаткан Тажикстандын Исфара районунун Майский айылынын тургундары менен өз ара пикир келишпей чыр-чатак чыгып эки тараптан таш ыргытышып, урушуп кетишкен.

Натыйжада Баткен районунун Көк-Таш айылынын тургунунун “Хонда-стрим” унаасынын артыңкы айнегине таш тийип, ошол эле айылдын 2 тургунунун турак үйлөрүнүн шиферлерине таштар тийип сынган. Мындан сырткары Көк-Таш айлынын 1 тургунун башына таш тийип жараат алган.

Бул жагдай Баткен РИИБнүн КЖБРне катталып, “массалык баш аламандыктар” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш иши башталган.

Мындан сырткары 2020-жылдын 11-январь күнү Көк-Таш айылынын тургундары жолдон өтүп бара жаткан Көк-Таш айылынын Дахма участкасынын М.Назаров көчөсүндө Тажикстандын жаранынын “Хундай-Портер” үлгүсүндөгү унаасын таштар менен урушуп, эки капталындагы терезелерин талкалап салышкан. Бул жагдай Баткен РИИБнүн маалыматтардын электрондук журналына “Ээнбаштык” деп катталып текшерүү иштери башталган.

Жогорудагы кылмыштарга катыштыгы бар же аларды уюштурганга тиешеси бар Көк-Таш айылынын жогорудагы 4 жаранын тиешелүү далилдери менен суракка алып келген учурда, алардын экөөсүнүн жанынан тийиштүү документтери жок ок атуучу курал алынып, соттук-экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда кармалган 4 жаран убактылуу кармоо жайына киргизилип, тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат деп билдирет Баткен ОИИБнын басма сөз кызматы.

Макала жактыбы?

НетДа
1
2
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: