ОшТВ телерадио компаниясынын директору Керимбек Калыкулов «ЭлТР»ге башкы директор болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Ал эми ЭлТРдин буга чейинки башкы директору Айбек Мусаев берген арызына ылайык ээлеген кызматынан бошотулду.

Калыкулов Керимбек Акматалиевич 1981-жылы туулган.

Жогорку билимдүү. Ош мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган.

Калыкулов Керимбек көп жылдык журналисттик иш тажрыйбага ээ. Мурда «Ош шамы» гезитинин башкы редактору, Ош мамлекеттик университетинин басма сөз кызматынын жетекчиси, Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетинин кыргыз адабияты кафедрасынын окутуучусу, Ош мамлекеттик университетинин «Үмүт» телестудиясынын директору, «Эркин Тоо» өкмөттүк гезитинин башкы редакторунун Ош облусундагы орун басары, Ош шаардык мэриясынын коомчулук менен байланыш кызматынын жетекчиси кызматтарында иштеген.

2014-жылдын июлунан бери Калыкулов Керимбек «Телеканал ОшТВ» ЖЧКсынын башкы директору болуп иштеп келген.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: