Алматылык кыз бир нече күн кулчулукта кармалган. Кыздын айтымында аны уурдап кетишип, сойкулук менен иштөөгө мажбурлашкан. Ошондой эле аны ур-токмокко алышып, араң качып чыкканын билдирди. Жабырлануучу полицияга кайрылып, божомолдонгон сойкукананы полиция кызматкерлери текшерүүгө алганда башка кыздар дагы туткунда кармалып турганы аныкталды. Бул тууралуу Ktk.kz маалымдады.

Сексуалдык кулчулукка кабылган кыздын денесинен тамтык калган эмес, кулактары сынып, башы жаракат алган. Ал эми денеси бүт көкала, тытыктар. Ал өзү белгилегендей, туткундалган күндөрү аны болушунча мазакташып, интимдик кызмат кылууга мажбурлашкан.

Кордукка кабылган кыз бир жума мурда күндөгүдөй жумушунан чыгып үйүнө бара жаткан. Жолдон машина токтоп, анын ичинен эркектер чыгып кызды унаага салып кетип, бир үйгө алып барышкан. Алар кызды сойку болуп иштейсиң деген талабын коюшкан. Болбосо ата-энесине эмне кылып жүргөнү тууралуу документти көргөзөрүн айтып коркуткан.

Акыры камалган кыз бир нече күндөн кийин жакындарына чалууга мүмкүнчүлүк болуп, полиция кызматкерлери үйдү текшеришти. Анда жеңил ойлуу кыздар интимдик кызмат кылары аныкталып, бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүш башталды.

 

Макала жактыбы?

НетДа
3
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: