Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы боюнча эки өлкөнүн өкмөт мүчөлөрүнүн сүйлөшүүсүнүн биринчи айлампасы бүттү. Сүйлөшүү 14-январда Баткен районунун Кызыл-Бел айылына чектеш Тажикстандын Гүлистон айылындагы Гүлистон чек ара бекетинде өтүп жатат.

Кыргыз делегациясынын башчысы, Кыргызстандын вице-премьер-министри Жеңиш Разаков «Азаттыктын» аймактагы кабарчысына биринчи айлампа киришүү бөлүгү болгонун, азырынча эч кандай маселе чечиле элек экенин айткан.

Кыргыз делегациясынын курамында башкы прокурор Өткүрбек Жашитов, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси Орозбек Опумбаев, ички иштер министри Кашкар Жунушалиев, Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров, Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустенбеков бар.

Булак: “Азаттык”

Макала жактыбы?

НетДа
1
1
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: