“Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темировго кол салууга  шектелип төрт жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

9-январда Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына “Factcheck.kg” интернет сайтынын башкы редактору Болот Темиров жазуу түрүндө арыз менен кайрылган. Анда ал Эркиндик бульварынан белгисиз 25-30 чамасындагы үч жаран кол салып, күч колдонуу менен сабап “Самсунг Ж-7” үлгүсүндөгү 4000 сомдук уюлдук телефонун алып качып белгисиз тарапка качып кетишкенин билдирген.

Аталган факты КЖБРге катталып, “Тоноо” беренеси боюнча иш козголгон. 14-январда Бишкек ШИИБнин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка шектүү катары 1993-жылы туулган Д.Б., 1993-жылы туулган А.Б., 1992-жылкы Э.Ж. жана 1994-жылы туулган А.О аттуу Жалал-Абад облусунун тургундары кармалышкан. Шектүүлө учурда Бишкек ШИИББнин убактылуу кармоочу жайына киризилди. Тергөө амалдары уланып жатат.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: