Ар жыл сайын март айынын үчүнчү ишембисин “Бак – дарактарды отургузуунун жалпы улуттук күнү”, – деп жарыялоону демилгелеген Жогорку Кеңештин токтом долбоору парламенттин бүгүнкү, 15 – январдагы отурумунда каралды. Демилгечи депутат Айнуру Алтыбаеванын айтымында, шаарлар менен калктуу конуштардын аймактарын жашылдандырып, бак – дарак аянттарын көбөйтүү аркылуу экологиялык жана санитардык абалды жакшыртууга болот.

” Тал – теректерди отургузуунун салттуу күндөрү Казакстан, Россия, Япония, Кытай сыяктуу дагы башка бир катар мамлекеттерде туруктуу адатка айланып, алардын так даталары да белгилүү. Кала берсе, үй – бүлөлүк, массалык майрам катары да белгиленип жүрөт, – дейт парламентарий айым.

Ошондой эле ал, – “Бизде адеп долбоор даярдалганда 15 – март деп аныкталган, андан кийин ишемби күнгө туура келсин, – деп элдин бошураак убактысына ылайыктадык”, – дейт.

Макала жактыбы?

НетДа
2
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: