Кечээ, 14-январь күнү кечинде “Асанбай” кичи районундагы “Народный” дүкөнүн карактап кетти. Белгилүү болгондой, кара бет кап тагынган белгисиз жаран дүкөнгө кирип келип, асманга ок атып кассадагы 30 миң сом акчаны алып кеткен.

Бишкек шаардык милициясынан билдиргендей, бул факт КЖБРге катталып, сотко чейин иш башталган. Анын алкагында бул ишке шектүү катары 23 жаштагы Э.И. аттуу жаран кармалды.

Аны текшерүү маалында, анда акча каражаттары, ок атуучу курал (16 калибрдеги 9 патрону бар), кара бет кап, 1 булгаары, 1 резина кол кап жана 2 бычак табылып, алынган.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда шектүүнү башка бул өңдүү иштерге байланышы бар же жок экендиги такталууда.

Кармалган жарандан жабыркагандар болсо 0(703) 060-508, 0(704) 150-066 номерлерине кайрылыңыздар.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: