Катар Мамлекетинин борбор калаасында өткөн 30-эл аралык Доха китеп көргөзмөсүндө Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин “Кыргыздар” аталышындагы орус тилинде жазылган китеби араб тилине которулуп, окурмандарга сунушталды. Белгилей кетсек, аталган китеп буга чейин англис, немис жана кытай тилдерине которулуп, 60тан ашуун өлкөгө жайылтылган.

Мындан тышкары, Жогорку Кеңештин депутаттары Каныбек Иманалиев, Садык Шер-Нияз жана Эмиль Токтошев Дохадагы иш сапарынын алкагында Катар Мамлекетинин парламентинин Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча депутаттык достук тобунун өкүлдөрү Али Абдилатиф жана Насер Ал-Хумейди менен жолугушуп, эки өлкө ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык байланыштарды арттыруу маселелерин талкуулашты.

Ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары Катар Мамлекетинде жашаган кыргызстандык мекендештер менен да баарлашты.

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: