Ташкент шаарында үйдө кароосуз калган жаш бала батирдин терезесине чыгып, натыйжада көп кабаттуу үйдүн 5-кабатынан кулап түштү. Бул тууралуу UzNews басылмасы жазат.

Интернет тармагына 3 жашар баланын терезеде илинип туруп, бир нече убакыттан кийин кулап түшкөн видеосу тарады. Бала үчүнчү этаждын терезесинин тосмосуна урунганын көрүүгө болот. Жерден аны бир нече адамдан турган топ тосуп алды.

Өлкөнүн саламаттык сактоо министрлигинен билдиргендей, окуя 14-январда болгон. Ата-энеси баласын үйгө жалгыз калтырып койгон учурда ал ойноп жатып терезенин темир тосмосунан чыгып кеткен. Бөбөк кулаган учурда анча оор жаракат алган эмес, учурда дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Макала жактыбы?

НетДа
12
5
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: