Чындык.кж сайтынын редактору, журналист Турсунбек Бейшенбеков 16-январда Аскер прокуратурасында 1,5 саат сурак берип чыкты.

Бул тууралуу Бейшенбеков фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.  Ал сотко чейинки өндүрүш ишинин маалыматтарын ачыкка чыгарбоо боюнча тилкатка кол коюп бергенин айтып, кайсы иш боюнча суралганын ачыктаган жок. Бирок сурак анын журналисттик ишине байланыштуу болгонун кошумчалады.

2016-жылдан бери катуу сындар айтылып, жазылып келген бир чиновник боюнча сурашты. Ал чиновникке карата сын бүгүнкү күнү да чек ара маселеси боюнча катуу айтылып жатат. Керек болсо апогейине жетти. Эң кызыгы Кой-Таш окуясы бул жакта эле калып, чабал чиновниктин, кайдагы бир шоопурдун болбогон куру сандырактарына байланыштуу чакырыптыр. Бул көрүнүш өтө күлкүлүү жана өкүнүчтүү“,- деп жазган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 45