Бүгүн түнү Казакстандын Актөбө областында катталган жол кырсыгынан Кыргызстандын 4 жараны каза болду. Мындан тышкары бир кыргызстандык жүргүнчү ооруканага жеткирилгенин «Казинформ» агенттиги жазды.

16-январда саат 01:30да Иргиз айылындагы Самара — Шымкент унаа жолунда LADA 21070 унаасын башкарган Кыргызстандын жараны Аральск шаарын көздөй бара жаткан. Жол тайгак болгондуктан унаа башкаруусун жоготуп каршы тилкеде келе жаткан Chevrolet Cruze менен сүзүшкөн.

Натыйжада LADA унаасынын 29 жаштагы айдоочусу жана ичиндеги үч жүргүнчү кырсык болгон жерден жан берген. Алардын бардыгы Кыргызстандын жарандары болгон.

Окуя боюнч териштирүү башталды.

Макала жактыбы?

НетДа
4
42
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 5 034