Оор илдетке кабылган УКМКнын мурдагы төрагасы Мурат Суталинов чет мамлекеттен медициналык текшерүүдөн өтүп келүүгө муктаж. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына анын жубайы Гүлнара Суталинова билдирген.

Муратка ПЭТ текшерүүсү дайындалган, бирок, Кыргызстанда мындай жабдуу жок экен. Ошон үчүн биз бул анализди өткөрүүгө кайсы өлкөдө заманбап жабдуу бар, алардын баасы жана шарттары дагы кандай экенин караштыруудабыз. Азырынча кайсы мамлекетке барарыбызды чече элекпиз“,-дейт жубайы.

Гүлнара Суталинова учурда анын өмүрлүк жолдошу химиотерапияны алууну улантып жатканын кошумчалады.

Чет өлкөлүк клиникадан анализден өтүү керектигиин Мурат Суталиновдун дарыгери Турусбек Абдылдаев дагы ырастады.

Ал мурдагыдай эле дарылануусун алып жатат, көбүнчө үйүндө. Биз ага дайындаган текшерүү бизде жасалбайт. Суталинов кайсы өлкөгө барып өтүп келет билбейм“,-деди дарыгер.

Эске салсак, буга чейин УКМКнын экс-башчысынын боорунун 60 пайызы жана метастаздары бар он эки эли ичегисинин бир бөлүгүн алып салышканы айтылган.

Мурат Суталинов 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуялар боюнча 20 жылга эркинен ажыратылган. Ал 2019-жылдын 7-майында ден-соолугунун начарланышынан улам бошотулган.

Булак: Vesti.kg 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: 269