Азыр кимдир бирөөнүн баласы ооруса – дарыгер күнөөлүү, балдары тентек чыкса – мугалимдер күнөөлүү болуп калды. Коом ташбоорлукту үлгүгө алдык. Кыскасы, дарыгерлер менен мугалимдерге башынан ылдый жугунду куюп, жүдөтүп салдык. Эмне үчүн Өкмөт, анын тармактык органдары өз кызматкерлерин ажаанданган ата-энелерден коргой албай калды?” Бул тууралуу депутат Жылдыз Мусабекова Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында билдирди.

«Ушу тапта Өзбекстан өз дарыгерлери менен мугалимдерин колдоо жана коргоо жаатында иштиктүү чараларды көрүп жатат. Тилекке каршы, Кыргызстанда андай чаралар ушул кезге чейин көрүлө элек. Жалаң ушундай кайдыгер мамиленин айынан көптөгөн дарыгерлер менен мугалимдер ишинен бошоп кетүүдө. Мектептер менен медициналык мекемелерге жаш кадрлар келбей калды. Өкмөт бул багытта кечиктирилгис чараларды көрүүгө тийиш», – деп кошумчалады депутат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
1
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: